Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы чекист укук коргоочу күнөөлөп жаткан УКМК башчысынын аракеттеринде мыйзамсыздык жок дейт

«Кандай болгон күндө да Идрис Кадыркуловго айыпты башпрокурор тага алат»

Укук коргоочу Рита Карасартова КР УКМК башчысынын ыйгарым укугун токтотууну талап кылып жаңылган. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин экономикалык башкармалыгынын мурдагы начальниги Максат Мамытканов билдирди.

- Активист аял аны «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамды бузганы үчүн айыптап жатат, - деп түшүндүрдү ал. - Бирок УКМК эч нерсе сатып алган эмес, тендер уюштурган эмес. Тендердин катышуучулары тууралуу маалымат - бул мамлекеттик жашыруун сыр эмес. Тендердин жыйынтыгы жана суммасы ансыз да жарыя болгон. Эгерде ал тергөөнүн купуялуулугун айтайын деген болсо, анда бул сыр эмес.

Бирок канткен күндө да УКМК төрагасына башпрокурор айып тагат, деп баса белгиледи Мамытканов.
Кечээ укук коргоочу Рита Карасартова улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин башчысы Идрис Кадыркуловдун ыйгарым укугун токтотууну талап кылды. Ал бул тууралуу атайын кызматтын имаратынан чыккандан кийин билдирди.

Активист аял Кадыркуловдун чет өлкөгө чыгуучу биометрикалык паспорт даярдоого уюшулган тендерге катыштыгы бар деп ынандырат.

«Чын курандын он экисинде Жогорку Кеңеште компаниянын атын атап жана чыгымдын суммасын айтып «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамды бузду, - дейт Карасартова. - Ошону менен ал өзүнүн кызыкчылыгы бар экендигин көрсөттү. Мен жалган курандын жыйырма алтысында эле кээ бир компаниялардын тендерсиз эле Кыргызстандын санариптик рыногуна кирип жаткандыгын айтып кайрылуу жасагам. Алар «Түндүк» деген мекемелер аралык улуттук система менен жарышып, кереги жок инфраструктураны түзүп жатышат. Жеке жана мамлекеттик маалыматтар толугу менен чет элдик компаниянын көзөмөлүндө болот. Ушунда шектүү кызматы үчүн Кыргызстан чет элдик компанияга лицензиялык акы төлөөгө мажбур болот».

Укук коргоочунун айтымында, буга «Инфоком» улуттук мамлекеттик ишкана, Мамлекеттик каттоо кызматы жана алардын жетекчилери жолто болушту.
Анткени менен каршылыктарга карабастан МКК үч кызматкери өлкөнүн коопсуздугун сактап калышты. Алар азыр УКМК тергөө абагында отурушат. Аларды күбө катары чакырышты, бирок кайра шектүү катары кармап алышты.

«Биз президентке кайрылган соң Жогорку Кеңешке да, Башпрокуратурага да кайрылганыбыз жок, - дейт Карасартова. - Бүгүн маалымат мейкиндигин басып алуу болуп жатат».

Ал өзүнүн кайрылуусун УКМК калтырып кетти.
Башпрокурордун мурдагы орун басары жана улуттук коопсуздук министри, отставкадагы генерал-майор Кубатбек Кожоналиев да кылмыш кылууга даярдануу тууралуу ар кандай маалымат текшерүүгө себеп болоорун айтты.

- Эгерде УКМК төрагасы мыйзамды бузган болсо, анда муну менен тийешелүү органдар алектенсин, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Эмне кереги бар дароо эле президентке чыгыштын, ал баары бир чындап мыйзам бузуу болсо, бул маселени төмөнгө жибермек да.

Эске салсак, чет өлкөгө чыгуучу биометрикалык паспортторду даярдоого кылынган тендердеги жеңишти тендердик комиссия Garsu Pasaulis компаниясына ыйгарды. Бул фирма 940 миллион 150 миң сомдук бланка алып келүүгө даяр.

Бирок IDEMIAFrance SAS өкүлдөрү бул чечимге макул болушкан жок. Мекемелер аралык берилген арыздарды жана нааразычылыктарды мамлекеттик сатып алуу Департаментине жөнөтүп, бул арыздарга жана фактыларга укуктук баа берүү өтүнүчү менен УКМК жөнөтүлүшүн суранган.
УКМК Жемкорлукка каршы кызматы чет өлкөгө чыгуучу биометрикалык паспортторду даярдоо үчүн уюштурулган тендердеги мыйзам бузуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында иликтөө иштерин жүргүзөт.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх