Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адиль Турдукулов: Текебаевди колдоо митингине барам, бирок КСДП атынан эмес

Жарандык активист саясий камактагыларды коргоп нааразычылык акциясына бир нече жолу чыккандыгын эске салды

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адиль Турдукулов камактагы Өмурбек Текебаевди колдоо тынчтык митингине бара тургандыгын, бирок партиянын атынан барбастыгын Vesti.kg сайтына түшүндүрдү.

- Мен жеке өзүм Өмүрбек Текебаевди колдогон митингге катышканы жатам, - деп тактады активист. - Партиянын мүчөлөрүнүн бул нааразычылык акциясына катышалы деген ойлору жок. Мен ал жерге КСДП атынан барбайм. Эгерде эсиңиздерде болсо биз (Ата Мекен жана жарандык коом) үч жыл мурун УКМК алдында жана эски аянтта Текебаевди жана саясий камалгандарды колдоп масштабдуу митинг өткөргөнбүз. Мен жеке өзүм ошол ишимди улантам.

Түшүндүрө кетели, кечээ КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына «социал-демократтардын» Өмүрбек Текебаевдин жана Садыр Жапаровдун тарапташтары аларды колдоо үчүн уюшулуп жаткан нааразычылык акциясына барышпай тургандыгын айткан.

Ал митинг чын курандын жыйырма үчүндө өтөт. Уюштуруучулар «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партиялары. Акциянын демилгечилеринин айтымында, бул митингге алты миң адамдын келиши күтүлүүдө.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх