Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматына кандай башчы болуп берет? Эксперттер талдайт

«Алина Шаикова жөн гана өз милдетин аткара алган жок. Алтургай бул жерде анын кылмыштуу таржымалынын да тийешеси жок»

Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы Төрагасы Алмаз Мамбетов МКК мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев жана саясат талдоочулар үчүн табышмак бойдон кала берет. Vesti.kg сайты кайрылып сурагандардын бири да Балыкчынын мурдагы мэринин кесипкөйлүк сапаты тууралуу ооз ача алышкан жок.

- Мен аны менен МКК системасында бирге иштеген жокмун жана анын кандай адис экендигин билбейм, - дейт Vesti.kg сайтына Сарпашев. - Мен ага ишинде ийгилик гана каалайм. Анын колунан келет деп үмүт кылам.
Бекбосун Бөрүбашов жана Марат Казакпаев жогорку даражалуу атка минердин дайындалышы тууралуу угушпагандыктарын Vesti.kg сайтына айтышты.

- Азыр эч ким деле тааныбаган жаңы саясатчылардын мууну пайда боло баштады, - деп белгиледи Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Аркадий Гладилов.

МКК мурдагы башчысы жана эксперттер МКК башчысынын алмашышы жаңы биометрикалык паспорттун тендеринин айланасындагы ызы чууга байланыштуу болсо керек деп боолголошот.

- Мамкаттоо кызматында көп акча айланат, - деп белгилейт Бөрүбашев.

Анткени менен Казакпаев Алина Шаикованы бир нерсеге шектүү дешкендерине ишенбейт. Анын оюнча, ал жөн гана МКК башчылыгына туура келбеген адам.

- Ал бул жаатта кесипкөй эмес, - деп эсептейт саясат талдоочу. - Бул милдетти аткаруу анын колунан келген жок.

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайты МКК башчылыгынан Алина Шаикованы бошоткондугу тууралуу маалымдаган болчу. Анын ордуна Балыкчынын мурунку мэри Алмаз Мамбетов келди.

Балыкчы муниципалитенин мурдагы башчысы массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн өзүнө бура баштады.
Мисалы, 2017-жылы жайында тармактарда Мамбетовдун өзүнөн мурдагы мэр Сатыбек Шамшудиновду телефон аркылуу «көчүгүңдү айрыйм» деп коркуткан аудиожазуусу пайда болгон эле. Ага 2 миң сом айып пул салынган.

2018-жылы башоонада укук коргоочу Динара Ошурахунованын Балыкчыдагы дарактардын кыйылышы тууралуу чыгарылышына «ит үрө берет, кербен жүрө берет», деп комментарий берген. Маалымат кызматындагылар болсо шаар башчынын баракчасын кимдир бирөөлөр бузуп кирген деп билдирүүгө ашыккан.

Мамбетов Балыкчынын мэри болгонго чейин Бишкек мэриясында, ТИМ, туризм боюнча Мамлекеттик комитетте, «Кыргыз темир жолунда» жана жеке компанияларда иштегенге үлгүргөн.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына ылайык Алмаз Мамбетов Бишкекте катталган CHERI KG MOTORS ЖЧК ээси. Компания автомобиль жана жеңил автолорду дүңүнөн сатуу менен алектенет.

Алина Шаикованы 2019-жылы чын курандын он тогузунда кызматтан кетиришти. Чын курандын он жетисинде УКР УКМК МКК төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаевди, статс-катчы Данияр Бахчиевди жана «ИНфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаевди литвалык «Гарсу пасаулис» ЖАК тийешеси бар иштеги коррупция боюнча кармашкан.
Мандикер МКК жетекчилиги менен болгон байланыш тууралуу шектенүүнү четке какты.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх