Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар уран казууга каршы митингге чыгышты

Облустук администрацияда бул маселе боюнча мекемелер аралык комиссия иштеп жаткандыгын белгилешти

Ысык-Көл облусунун Таш-Булак аймагындагы уран казууга каршы жергиликтүүлөр митингге чыгышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

- Жергиликтүү тургундар уран казган жерге чогулуп, токтотууну талап кылып жатышат, - деп белгиледи ал. - Бирок баары жайма жай пикир алмашуу аркылуу болуп жатат.

Ошону менен бирге Кожоев «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы учурда геологиялык чалгындоо иштерине лицензия гана алгандыгын кошумчалады.

- Уран казуу тууралуу кеп боло элек, - деди ал. - Учурда өкмөт алдында мекемелер аралык комиссия түзүлүп, бул маселе иликтенип жатат. Комиссиянын жыйынтыгынан кийин гана бир нерсе деп комментарий берүүгө болот.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты тармакта Ысык-Көлдөгү уран казууга каршы кол топтоло баштагандыгын берген эле.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх