Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саясатчылар керек учурда Ала-Тоо аянтына чымыр денелүү кишилерди чогултуу максатында спорт мектептерин каржылайбы?

Депутат Жанар Акаев чочулоосун кээ бир эксперттер менен кесиптештери комментарий беришет

Шайлоодо күч ыкмасын колдонуу өзүнүн жеке менчик клубу жокторго эч кандай мүмкүнчүлүк калтырбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Vesti.kg сайты менен болгон маегинде билдирди.

- Саясатта, тилекке каршы, күрөш аёосуз болот, - деп белгиледи эл өкүлү. - Мөрөй алуу кыйынга турат. Аймактарда белгилүү бир күчтөрдүн активдүү түрдө көбөйтүлүүсү жаман бир көрүнүшкө айланды. Мен андай ыкмалардын шайлоодо кеңири колдонулуп жүргөндүгүн билем. Айрыкча парламенттик шайлоодо мен ошондой нерселердин болгондугун биринчи жолу көрүп таң калдым. Спортчулар бул ишке аябай эле тартылат. Мен алардын элдерди кимдир бирөө үчүн добуш берүүгө коркутуп мажбурлоосун билем. Айрым учурда талапкерге карата ушундай ыкма колдонушат (өзүнүн атааандашына). Аймактарда тилекке каршы мындай ыкма кеңири колдонулуп жатат. Мен катталган партиянын атында андай спорт мектептери барбы же жокпу билбейм. Менимче, бул иш менен белгилүү бир кишилер алектенет өңдөнөт. Спорт мектептерине демейде белгилүү бир аты чыккан саясатчылар демөөрчү болот.

Депутат атка минерлер каржылаган спорт клубдары ачык, таза шайлоо болушуна коркунуч жараткандыгын белгилеп кетти.

- Менин атамдын атына байланышкан бир спорт секциясынын ачылышы болгондугун билем. Бирок ал жаш балдар үчүн болчу. Ал таптакыр башка, ден соолукту чыңдоочу багытта болчу. Бирок ал секциянын ачылышына демилгечи жана түзүүчү катары биздин үй бүлө катышкан эмес. Ал жерде көбүнчө машыктыруучулар катышкан, анткени менин атам советтик доордон бери машыктыруучу болчу. Алар жеткинчектер үчүн, мектептеги балдар бара турган мектеп ачышкан. Мындай нерселерге болгон көз карашым түз. Эсимде, оштук саясатчылар бир катары ушундай иш менен алектенээри айтылган. Бул келечектеги парламентаризмге болгон коркунуч, андай болгон учурда таза жана ачык шайлоо болбойт.

Күч ыкмалары колдонулушу мүмкүн эмес. Мен андай нерселерге караманча каршымын, анткени алар спорттук клубдары бар кишилер элдердин айлаларын курутушат. Тигил же бул партиянын атынан чыгып жаткан балдар дайыма эле мыйзамдуу иш аракет кыла бербейт.

Ошону менен бирге Эльвира Жыргалбековна эртеби же кечпи бул күч колдонуу ыкмасы жок болуш керек деп белгиледи.

- Мен мындай нерселердин башка өлкөлөрдө 100 жыл мурун болуп бүткөндүгүнө жүз пайыздык кепил менен айта алам, - деп улантат депутат. - Биз болсо аны эми өтүп жатабыз. Биздин өлкөнүн эгемен болгонуна 28 жыл болду, парламентаризмге болсо 10 жыл болду. Азыр саясий айлампанын мезгилдери жүрүп жатат. Менин оюмча жакынкы 5-10 жылдын ичинде элитанын алмашуусу болот. Биздин калкыбыздын жарымынан көбү жаштар. Муундун алмашуусу болот. Эски түшүнүктөр, саясий күрөштөгү жакшы деген ыкмалардын баары артта калат. Биздин муну мойнубузга алышыбыздын өзү эле тактап турат ал нерсени. Мен Жанар Акаев айткан нерсени бекемдеп кетем.

Ушунун өзү жаңы толкундун келе жаткандыгынан кабар берет, саясий чындыкты кадимкидей кабыл алуубуз керек, ал болуп жатат. Бул бизге жакса да , жакпаса да биз бул нерседен четтетилебиз. Улуу муундун саясатчылары да мезгил алмашып жаткандыгын түшүнүп жатышат.

Өз кезегинде Токтогул Какчекеев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ушул күнгө чейин атка минерлер спортчулардын күчүн колдонуп жүрүшкөндүгүн билдирди.

- Андай кишилерди издөөнүн кереги жок, - дейт саясат талдоочу. - Спорт федерациясынын тизмесин эле карай койгула. Ал жерде ар кандай кишилерди, анын ичинде саясатчылар да бар. Бул өткөн кылымдын 90-жылдары түштүктө кыргыз-өзбек жаңжалынан кийин башталды. Ошол учурдан баштап спорт клубдары ачыла баштады.Негизинен эр уруш, ат спорт оюндары өнүктү. Бул мектептердин катышуучулары саясий партияларды колдоочулар болуп калышты, айрымдары демилгечи болгон ишкерлердин жана саясатчылардын кол жоолугуна айланды. Бул нерсе ушул күнгө чейин өнүгүп жатат. Караңыздарчы, ат оюндары федерациясынын төрагасы ким. Керек болгон учурда чымыр денелүу адамдарды бир жаңсоо менен Ала-Тоо аянтына топтоо үчүн ошондой кадамга барып жатышат.

Түшүндүрө кетели, кечээ Жогорку Кеңкештин депутаты Жанар Акаев жалпыга маалымдоо каражаттарына берген интервьюсунда ар бир саясий партия өзүнүн спорт мектептерин ача баштагандыгын жана өз спортчуларын чыгара баштагандыктарын билдирди.

Депутат бул балдарды көчө митингинде кандайдыр бир пикир келишпестикке колдонуу коркунучу түзүлгөндүгүн белгиледи.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх