Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адилет Министрлигиндегилер митингге чыккандарга азыр КСДП башчысы ким экендигин так айта албай коюшту

Адиль Турдукулов нааразылык акциясы Кыргызстандын бардык жарандарынын укуктарын коргоо үчүн болгондугун белгиледи

Адилет Министрлигинде КСДП лидери Алмазбек Атамбаевби же Сагынбек Абдрахмановбу деген суроого так жооп айта албай койду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДП саясий кеңешинин мүчөсү, бүгүнкү акциянын катышуучусу Адиль Турдукулов айтып берди.

- Адилет Министрлигине бир гана азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова гана кире алды, - деп тушүндүрдү ал. - Ал мекемеден азыркы тапта ким партияны жетектеп жаткандыгын, реестрде Абдрахмановдун фамилиясы бар экендигин түшүндүрүп берүүнү суранды. Юридикалык жактан алганда саясий биримдикти Атамбаев башкарат. Асель Кодуранованын айтымында, мекемедегилер мыйзамдагы дал келишпөөчүлүктү моюндарына алышкан, бирок ачык жооп бере алышкан жок.

Турдукулов «социал-демократтардын» бир гана өз партиясы үчүн митингге чыгышпагандыгын кошумчалады.

- Биз мыйзамдын бузулушуна каршы чыктык, анткени партияны тартып ала турган болсо, анда кайдагы жарандардын укугу тууралуу сөзболот, - деп сөзүн аяктады ал.

Эске салсак, бүгүн КСДП мүчөлөрү адилет Министрлигинин алдына митингге чыгышып, мекеме башчысы Марат Жаманкуловдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх