Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун иши боюнча процессти чын курандын акырына жылдырышты

Камактагы саясатчынын жактоочусу ал соттон баш тарткандыгын билдирди

Жогорку соттун коллегиясы экс-депутат Садыр Жапаровдун кылмыш ишин кайра кароого киришти. Бул жаңы кодекстердин күчүнө киришине байланыштуу болуп жатат, ал боюнча айрым беренелерде жаза жеңилирээк.

Жапаровдун жактоочулары анын таптакыр боштондукка чыгышына жетишүүгө ниеттенишет.

Ошону менен бирге экс-депутаттын жактоочулары сот Лепес Темирбекке ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Сот баш тартууну канааттандырды. Сот отуруму чын курандын отузуна жылдырылды.

Эске салсак, мурдагы депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратышкан. Аны 2013-жылы Караколдогу митингге катыштыгы бар деп айыптап, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 227 беренеси «Барымтага алуу» боюнча соттошкон.

Ал ортодо Бишкектин эски аянтында Жогорку соттун имаратынын жанында Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди колдоп митинг өтүп жатат. Миңдеген элдер чогулушту.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх