Валентина Шевченко: Мекенимде мени саясатчылардын арасынан көрүп кубанышат го деп ойлойм
Ошону менен бирге UFC чемпиону азыр бир гана спорттук краьерасы менен алек боло тургандыгын белгиледи
Жеңил салмактагы UFC чемпиону, Кыргызстандын жараны Валентина Шевченко орусиялык «Советский спорт» гезитине интервью берип жатып Кыргызстанда саясат менен алектенсемби деген оюн билдирди. Бирок спортчу кыз азырынча спорт менен эле алектенип тураарын белгиледи.
Журналисттин «Көптөгөн спортчулар спорттук карьерасын аяктаган соң саясатка кетип калышат, сизде андай ой жокпу?», - деген суроосуна : «Мени мекендештерим саясатчылардын арасынан көрүшсө сүйүнөт деп ойлойм, бирок азырынча спорт менен эле алектенем», деп жооп берди. -Менин спортто кыла турган иштерим али алдыда, ал эми саясатка барамбы же жокпу аны убакыт көрсөтөт, - деди Шевченко.
Эске салсак, Кыргызстандын жараны Валентина Шевченко UFC мушкерлеринин 15 мыктысынын тобуна салмагына карабастан кирген. Спортчу кыз аралаш мушташ өнөрүнүн абсолюттук чемпиону болуп саналат.
Жакында эле спортчу кыз мекенине келди. Валентина Шевченко менен күйөрмандары Бишкекте жана Ошто жоолугушту.
Сүрөт www