Баткенде аткаминер аудиторлорду сатып алуу үчүн кол алдындагылардан акча чогулткан
УКМК Жемкорлукка каршы кызматынын кызматкерлери АЧКМА жана ТЧ жергиликтүү токой чарбасынын начальнигин кармашты
Кыргыз Республикасынын УКМК Жемкорлукка каршы кызматынын кызматкерлери чын курандын он жетисинде КР өкмөтүнүн алдындагы АЧКМА жана ТЧ Баткен токой чарбачылыгынын начальниги К.А. 32 миң сом пара алгандыгы үчүн кармашты
Кармалган киши өзүнүн кол алдындагылардан ишканага жүргүзүлө турган аудитке берүү үчүн айтылган сумманы чогултууну талап кылган.
Сотко чейинки териштирүү Кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине КР ЖК 326 берененин 1 б (Пара алуу) ылайык катталды.
Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө К.А. тарабынан Баткен токой чарбачылыгынын ишмердүүлүгүндө каржылык-чарбалык мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, 2017-2018-жылкы мамлекеттик сатып алууларга документтерди жасалма даярдоо, 14 миң 700 көчөттү мыйзамсыз сатуу жана токой чарбачылыгынын жайытынан түшкөн акчаны менчиктештирип алуу аныкталган.
Учурда кармалган адамга карата бөгөт коюу чарасы үй камагына алуу менен көрүлдү.
УКМК маалымат борбору
Сүрөт www