Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин тийешелүү комитети Мухаммедкалый Абылгазиевдин отчётун жактырды

Эртең премьер Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында отчет берет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн ишинин 2018-жылдагы отчетун Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук укуктук маселелер жана Регламент боюнча Комитетине алып келди.

Талкуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы, ошондой эле министрликтердин жана мекемелердин башчылары депутаттардын суроолоруна жооп беришти.
Жыйындын соңунда тийешелүү комитет Мухаммедкалый Абылгазиевдин отчетун жактырып, канааттандырарлык деп тапты.

Чын курандын жыйырма төртү күнү, шаршембиде, премьер-министр жогоруда айтылган отчетту Жогорку Кеңештин кароосуна алып барат.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх