Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Беш миңге чукул митингге чыккандар Текебаевдин иши боюнча соттун чечимин күтүп турушат(видео)

Чогулгандар Атамбаевдин, Жолдубаеванын жана Сегизбаевдин камалышын талап кылып жатышат

Бишкекте Жогорку соттун имаратынын жанында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевди колдоп митинг башталды.

Учурда кылмыш ишин кайра кароо боюнча сот отуруму өтүп жатат. Эски аянтта соттун чечимин кутүп беш миңден ашуун киши турат.

Митингге чыккандар саясий камактагы Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун жана Дүйшөнкул Чотоновдун боштондугун талап кылып жатышат.

Андан сырткары, акциянын катышуучулары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башпрокурор Индира Жолдубаеванын жана УКМК мурунку төрагасы Абдиль Сегизбаевдин камакка алынышын талап кылып жатышат.

Митингчилердин арасында «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиевде жана башка депутаттар болушту.

Зулайка Эркимбаева

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх