Ысык-Көлдөгү уран чыккан жерден атайын техникаларды алып чыгып кетип жатышат
Өкмөт мүчөлөрү Тоң районунун элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетти
Ысык-Көл облусундагы уран чыккан жерден ылайыкташкан техникаларды алып чыгып кетип жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, өкмөт мүчөлөрү Тоң районунун элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти.
- Эске сала кетейин, үч күн илгери уран чыккан жерде ишти токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган, - деди министрлер кабинетинин башчысы. - Биздин талап боюнча атайын техникаларын алып чыгып кетип жатышат.
Абылгазиев экологдордун кен чыккан жерде текшерүү кылышаарын да кошумчалады.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз