Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү: Сооронбай Жээнбеков сүйлөп жатканда эч ким уктаган эмес

Курманбек Дыйканбаев атка минерлер санариптештирүү боюнча форумда уктаган эмес, түштөнүүдөн кийин уктап калышкан дейт

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сүйлөп жатканда уктап калган атка минерлер жазага тартылат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

- Бул үч күн мурун болгон нерсе. Биз эки күндөн бери Жогорку Кеңештебиз, бирок видосун көрөөрүбүз менен аларды жазага тартабыз, - деп убада берди премьер.

Андан сырткары, президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев депутат Тынчтык Шайназаровдун суроосуна жооп берип, атка минерлердин түштөнүүдөн кийин уктап калышкандыгын тактады.

- Президент сүйлөп жаткан учурда алар укташкан эмес, - деп билдирди ал. - Бул, чамасы, түштөнүүдөн кийин болсо керек. Ошондуктан, менин оюмча, чараны жергиликтүү бийликтин органдары көрөт.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх