Депутат Строкова - премьерге: Сиз же эмне болуп жаткандыгынан кабарыңыз жок, же билмексенге салып жатасыз
Эл өкүлү билим берүү Министрлигин пайдасыздыгына байланыштуу жоюуну сунуш кылды
Кыргыз өкмөтү пайдасыз министрликтерди жоюу тууралуу ойлонушу зарыл. Бул тууралуу депутат Евгения Строкова парламенттин жыйынында билдирди.
Анын сөзү боюнча, республикада өзүнчө бир мекеме кол алдына албаган тармактар жакшы өнүгүп жатат.
- Мухаммедкалый Дуйшөкеевич, сиз же билим берүү системасында эмнелер болуп жаткандыгын билбейсиз, же билмексенге салып жатасыз, - деп билдирди ал. - Биз баарыбыз ал жактагы коррупция жана окуу китептериндеги каталар тууралуу билебиз. Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргызстанда соода жана тамак аш тармагы жакшы өнүккөн, алардын эч кандай башкарган мекемеси деле жок. Балким, айрым мекемелерди жоюу тууралуу ойлонгонго убакыт келип жеткендир дейм, анткени ал тармактар да өнүгүшү керек да.
Жогорку Кеңештин депутаттары эки күндөн бери өкмөттүн 2018-жыл үчүн отчетун карап жатышат.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www