КР КК ардагери ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин отставкага кетүүсүн талап кылат
Ал эми коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин башчысын эс алуудагы полковник бекерчи деп атады
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери, эс алуудагы полковник Анвар Сартаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кылат. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.
- Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчетун угушту жана ИИМ башчысы милиционерлер жашоосуна жетиштүү айлык алып жатышат деп билдирди, - деп эске салды Сартаев. - Бул сөздөргө менин ачуум келди. Министр кантип ушундай сөздөрдү айтты? Жашоо үчүн ошол акча кимге жетет? Кайсы гана органдын жетекчиси болбосун анын биринчи тапшырмасы кол алдындагыларды социалдык жактан коргоо болот. Бирок, Кашкар Жунушалиев бул маселени көтөрүп, милиционерлердин айлыгын көтөрүүнү каалабайт. Бирок алар дем алыш күндөрү, майрамдарда иштешет, айрым учурда 12 сааттан ашык да иштеп калышат.
Анвар Айдарович ушундай эле нерсени коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин начальниги Эрлис Тердикбаев да кылып жүргөндүгүн белгиледи.
- Тердикбаев таптакыр бекерчи, -дейт ал. - Айлыкты акыркы жолу 2011-жылы көтөрүшкөн, ал эми жаңы төрага кол куушуруп эле отурат, айлыкты көтөрөйүн деген ою да жок. Бүгүнкү күндө коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитети күч мекемелеринин арасында эң акыркы орунда турат. Чамасы министрлердин кол алдындагыларга караганда бир канча эсе көп айлык алгандыганан ушундай болуп жатат окшойт. Мекеменин башчылары милиционерлер менен аскерлер бул жарыбаган айлыкка кантип жан багышаарын түшүнбөйт. Менин баамымда Кашкар Жунушалиев өзүнүн ушул сөзүнөн кийин бул кызматта калуугу укугу жок.
Эске сала кетели, бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчетун угуп жатканда, депутат Урмат Самаев ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге милиционерлердин айлыгын көтөрүп, премия берүү керектигин айтты.
Жунушалиев милиционерлердин айлыгы 8 миңден 12 миңдин тегерегинде экендигин айтып жооп берди.
- Жашап жатабыз эптеп, жетет, - деп кошумчалады Жунушалиев.
Вероника Малышева
Сүрөт www