Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: Мен өкмөттүн отчетуна канааттанбайм

Жогорку Кеңештин депутаты министрлер кабинети жеке сектордун жетишкендиктерин өзүнө ыйгарып алды деп эсептейт

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жыл үчүн эсепчотун кабыл алды жана аны канааттандырарлык деди. Анткени менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин сүйлөгөн сөздөрү бардык эле депутаттардын купулуна толо берген жок. Ошентип Исхак Масалиев министрлер кабинетинин отчетун «канааттандырарлык эмес» деп эсептеди.

- Өкмөт берген отчетко менин ичим чыкпады, - дейт Масалиев Vesti.kg сайтына. Бизде ички карыз жылына 120 миллион долларга жетет. Өкмөт өз отчетунда жеке сектордун жетишкендиктерин көрсөттү, бирок аны өкмөткө тийешелүү кылып алып келди.

Депутаттын айтымында, өкмөт жаңы структураны түзө алган жок, аны былтыр чын куранда өзгөртүүгө убада берген болчу. Андан сырткары, пленардык жыйындын жүрүшүндө Исхак Масалиев каржы министри Бактыгүл Жээнбаева анын бир да суроосуна жооп бере албагандыгын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө чын курандын жыйырма төртү жана жыйырма беши күнү депутаттар өкмөттүн отчетун угуп жатып, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди көтөрдү. Республикага инвестиция тартуу маселелери айтылды, ири долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө кеп болду. Тартипти сактоо, коопсуздук жана жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча маселелер көтөрүлдү. Депутаттар республиканын аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт sputnik.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх