Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

РИИБ начальниги «атамбаевчыл провокатордун» ата энесинен кечирим сурады

Гүлжигит Исаков милиционерлерди «эркекче» иш кылдыңар деп ыраазы болду

Милиция кызматкерлери Гүлжигит Исаковдун ата энесинин алдында кечирим сурашты. Аларды Өмүрбек Текебаевди жана Садыр Жапаровду колдоо митингинен кийин укук коргоочулар аларга басым жасап жатат дешкен болчу.

Бул тууралуу ал киши өзүнүн фейсбук баракчасынан билдирди.

«Кечээ, Кара-Кулжа райондук ИИБ начальниги менин ата энемдин алдын кызматкерлери менен чогуу барып, алардын тынчын алып суракка алышкандыктары үчүн кечирим сурады. Бул эркектин иши болду. Биз адам баласы болгондон кийин баарыбыз катачылык кетиребиз, бирок ал катаны моюнга алуу жакшы сапат. Ыракмат!», - деп жазат ал. (орфография жана пунктуация бузулбай сакталды).

Эске салсак, Гүлжигит Исаков Бишкектеги «Ата Мекен» партиясынын митингине катышкан.

Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев сахнадан туруп Исаковду «атамбаевчыл провокатор» деп атады, аткени ал элдин арасында кыйкырып мушташ чыгарып жибере жаздады.

Vesti.kg сайтына Ош облустук ИИБ түшүндүргөндөй, милиционерлер анын ата энесинин үйүнө Гүлжигит Исаков чындап эле Кара-Кулжа районунда жашагандыгын билүү максатында барган. Укук коргоочуларды аны митингде «атамбаевчыл провокатор» деп атагандыктан ага кызыгып калышкандыктарын ырасташты.


Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх