Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"ЮрАзия Кыргызстанда" ЖЧК лицензиясы кайтарылып алынды жана атайын техникалары токтотулду

Өкмөттүн токтому менен Кызыл-Омпол кениндеги бардык иштин түрлөрү токтотулду

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов премьер-министрдин Ысык-Кол облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол уран кенинде жана Нарын облусунун Кочкор районундагы бардык иштин түрлөрүн экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканча токтотуу тууралуу токтомун аткаруу тапшырмасы менен таанышып чыкты.

Кубатбек Боронов бүгүнкү күндө кен иштетүү боюнча иштин бардык түрлөрү токтотулуп жана техникалары артка кайтарылды, ал эми инфраструктуранын обьекттерине мөөр басылып жабылды.
«Азыркы тапта өкмөттүн тапшырмасы менен уран кениндеги иштер токтотулду. Бул кен боюнча мекеме аралык комиссия экологиялык жана техникалык экспертизаны эсепке алуу менен бирге иш алып барат», - деди ал.

Иш сапарынын алкагында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бөкөнбаев айылынын жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жоолугушту, анда азыр кен чыккан жердеги кырдаал тууралуу маалымдады.

«Уран чыкчу жерди тереңдеп жана ар тараптуу изилдеп көрүү максатында 2019-жылдын чын куран айынын он сегизинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен тийешелүү мекеме аралык комиссия түзүлдү», - дейт Кубатбек Боронов.
Ошондой эле биринчи вице-премьер комиссиянын курамына жарандык активисттердин киришин сунуш кылды.


Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх