Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төлөйкан Исмаилова: УКМК башчысы Кыргызстандын мыйзамдарын Орусияныкы менен алмаштырып жатат

Идирис Кадыркулов парламентте сүйлөгөн сөзүндө бейөкмөт уюмдардын каржылануусун көзөмөлдөө зарыл экендигин билдирди

Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүктөрүн көзөмөлгө алуу керек. Бул тууралуу улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин төрагасы Идирис Кадыркулов билдирди.

«Көзөмөл болушу керек, бирок УКМК атынан болбошу керек ал көзөмөл. Бейөкмөт уюмдардын арасында пайдалуусу да пайдасызы да бар. Ар түрдүү чөйрөдө иштеп жатышат. Каражаттардын кайда жумшалып жаткандыгын көзөмөлгө алуу зарыл», - деди ал.

Ал арада укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Vesti.kg сайтына Кадыркулов Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун саясий эркине шек келтирип жана коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамды бузду деп айтты.

- УКМК башчысы жарандардын уюмдашууга жана бириккенге болгон конституциялык укугун бузду, - деп ишенет ал. - Мамлекет башчынын саясий эркине шек келтирди.

Анткени ал бейөкмөт уюмдар менен жоолугушканда мурдагы режимдин убагында топтолуп калган социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү менен тең өнөктөш болууну белгилеген болчу.
Исмаилованын пикири боюнча, Кадыркулов Кыргызстандын мыйзамдарын Орусияныкы менен чаташтырып алды.
Өз кезегинде саясат талдоочу Токтогул Какчекеев УКМК бейөкмөт уюмдарга мурдараак көзөмөл кылыш керек болчу деп эсептейт.

- Мен шаарды оңдоо, балдарды окутуу менен алектенген бейөкмөт уюмдарга каршы эмесмин,- деп комментарий берет ал. - Бирок бизде мамлекеттин ишине жана мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар бар. Алар катализатордун ролун аткарышат.

Кыргыз бийлиги чет элдик агенттер тууралуу мыйзамдолбоор кабыл алууга аракет кылды, бирок жарандык жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан сынга кабылган соң кабыл албай калды.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх