Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштан көчүрүүнү сунуш кылышты (видео)

Митингге чыккан нарындыктар, экс-президент жана анын айланасындагылар кантип жашап жатышканын көргөнү келишти

Нарындын алты активисти Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди көчүрүү талабы менен митинг кылышты. Нааразычылык акциясынын видеосу «Жалбырак ТВ» телеканалы өзүнүн YouTube-каналында жарыялады.

Видеодо митингге чыккандардын бири өзүнүн 2010-жылы апрель революциясына катышкандыгын айтат.

 

 

«Атамбаев менен анын айдоочусу, жансакчысы жана Албек Ибраимовдордун гектарлаган жерлери бар. Биз ишенбей, келип көрдүк. Келгенден кийин, көргөн көзүбүзгө ишенбей жатабыз. Жаңы конуштарда 10-15 үй бүлө үйлөрдө бир ажаткана менен жашап жатышат», - деп ачууланат ал киши. 

Митингчилердин плакаттарында «Атамбаев ууру! Ууру түрмөдө отурушу керек» деген жазуулары бар.
Андан сырткары, активист апрель окуясынын катышуучуларын митингди улантууга чакырат.

КСДП маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх