Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уктап жаткан Бабановдун сүрөтүн социалдык тармакка чыгарышты (сүрөт)

Мурдагы президенттикке талапкерге учакта эс алууга да мүмкүнчүлүк беришпейт

Акыркы убактарда коомчулук мурдагы президенттикке талапкер Өмурбек Бабановдун жашоосунан көз айырбай карап турушат. Өткөндө эле саясатчы өзүнүн мекенге кайтып келем деген оюнан кайтты, анткени массалык башаламандык болуп кетишинен чочулады. Бирок элдердин ага болгон кызыгуусу басаңдаган жок. Тармакта аны менен кокустан жолу бирге болуп калган адамдын Бабановду тартып алган сүрөтү пайда болду.

Өмүрбек Бабанов менен бирге учкан жүргүнчүлөрдүн бири уктап жаткан саясатчыны сүрөткө тартып алган. Ал сүрөттү Facebook социалдык тармагына жарыя кылган.

 

Эске салсак, мурда социалдык тармактарда Бабановдун кафеде тамактанып жаткан сүрөтү пайда болгон эле.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх