Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аянтты митинг учурунда жамгырга карабай эмнеге жуушту? «Тазалыктын» жообу (сүрөт)

Муниципалдык ишканадагылар жумуштун бүтүп калгандыгын билдиришти

Борбордук Ала-Тоо аянтында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аянтты жамгырда жууй башташты. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү социалдык тармактарда билдиришти.

Шаардын тазалыгын сактоочулар Туунун түбүндөгү плиталарды эана Манастын эстелигин жуушту.

Шаардыктарды жүздөн ашык митингчилер аянтта тургандыгына карабастан жууп жатышкандары нааразы кылды. Айрым кишилер нааразычылык акциясына чыккандарга атайылап кычастанып атат муниципалдык ишкананын кызматкерлери деп шектеништи.

Бул факт боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын маалымат кызматы Vesti.kg сайтына түшүндүрмө берди.

- Туунун түбүндөгү профилактикалык оңдоо иштерин бүткөн соң майдын тактары калып калды, - деп жооп берди андагылар. - Аны тазалоону эртең менен башташкан, анда жамгыр баштала элек болчу. Азыр жумуш аяктап калды.

Манас Көлбаев
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх