Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина: Кимдир бирөө менин ордума кнопканы басып өкмөттү колдоп коюптур

Депутат министрлер кабинетине канааттандырарлык деген баа бергиси келбегендигин билдирди. Бирок ал үчүн ким добуш берип койгондугун айткысы келбейт

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өкмөттүн ишине канааттандырарлык деп добуш берейин деген эмес, бирок кесиптештеринин бири анын ордуна кнопканы басып коюптур. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эл өкүлү өзү айтып берди.

- Өкмөттүн отчетун угуп жатканда суроо берүүгө көп депутаттар жазылышкан, - деп түшүндүрдү ал. - Мен жыйын дагы көпкө болот го деген ойдо жоолугушууга кетип калгам, ошол учурда менин ордума бирөо добуш берип коюптур. Эмнеси болсо да болоору болуптур, боёсу каныптыр. мен анын ким кылганын айтпай эле коёюн. Анткени, менин жеке чибим компьтерде калган, ким болсун деле мен үчүн добуш берип коюусу мүмкүн эле.

Ирины Юрьевнанын айтымында, өкмөттүн ишинде кандайдыр бир өзгөчөлөнгөн багыттуу эч нерсе болгон эмес.

- Мен жыйында министрлер кабинетинин жакшы баяндама даярдаганын айткам. Сабаттуу адамдар иштеп чыккандыгы көрүнүп турат. Бирок элдер ал өзгөрүүлөрдү сезген жок. Ал эми КСДП партиясынын адилет Министрлигинде кайра катталышы мыйзам бузуулар мурун кандай болсо ошол бойдон калгандыгынан кабар берет, - деп аяктады ал.

Эске салсак, - кечээ депутаттар өкмөттүн отчетун угушту. Аягында 100 депутат өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп добуш беришти. Каршы болуп бир гана Исхак Масалиев добуш берди.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх