Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыдан Бишкекке жөнөшкөн митингчилер көпкө узабай таркап кетишти

Уранга каршы акциянын катышуучуларынын көбү таркап кетти, ал эми айрымдары болсо машинага отуруп, ордо калааны көздөй жөнөп кетишти

Балыкчыдан Бишкекке жөө барабыз деген нааразычылык акциясынын катышуучулары ал ойлорунан кайтышты.Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ИИБ билдирди.

- Анча көп эмес элдердин тобу машинага отуруп Бишкекке карай кетишти, алар эртеңки боло турган митингге катышуу максаты менен жолго чыгышты, - деп белгиледи милициядагылар. - Калгандары болсо үйлөрүнө таркап кетишти.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты уран казууга каршы чыккан митингчилер Балыкчыдан чубашып чыгып Бишкекке барабыз деп жатышкандарын жазган болчу. Нааразычылык акциясынын катышуучусунун айтымында, көптөрү Бишкекке чейин жөө барууга бел байлап жатышкан болчу.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх