Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Албек Ибраимов: ММБФ «Солнечный берег» пансионатын сатууга уруксат берген, эми болсо өздөрүн жабырлануучубуз дешет

Бишкектин мурдагы мэри сотто өзүнүн билдирүүсүн айтты

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов бүгүн Ленин райондук сотунда «Солнечный берег» пансионатын сатуу ал башкармалыктын төрагалыгына келе электе болгондугун билдирди.

Анын айтымында, ММБФ жети жыл мурун өзү сатууга уруксат берип, эми болсо жабырлануучу болуп жатат.

«Сатууга ким уруксат бергендигин аныктоо керек, - деди Ибраимов. - Акция - бул өзүнчө кеп кыла турган нерсе, ага мүлктөр да кошулат. Ал сатуу мен башкармалыкка келе электе болгондугун билдирип койгум келет. Мен ага катышкан эмесмин. «Дастан» эл аралык корпорациясы пансионатты сатуудан чоң киреше алган».

Өз кезегинде соттолуучулардын бири, «Дастан» эл аралык корпорациясына тийешеси жок Сталбек Өмүракунов, кылмыш ишин бөлүп кароону кайрадан талап кылды.
«Менин бил ишке эч кандай тийешем жок. Мен күнөөлүү эмесмин. Эмне үчүн сотту жабык өткөрүп жатасыңар? Болбосо бизди камактан бошоткула. Эмне үчүн биздин укугубузду тебелеп жатышат? Беш кылмыш ишин өзүнчө бөлүүнү талап кылам», - деп нааразы болду ал.
Дагы бир Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов ал ортодо бул процесске катышуудан баш тартты.

КСДП маалымат кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх