Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин ачылышы болду

Иш чарага Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мүчөлөрү катышат

Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүп жатат. Иш чарага Армениянын, Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын өкмөт башчылары катышат.

Жыйында премьер-министрлер бир катар маселелерди талкуулашат, анда ЕАЭБ алкагында соода, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, илим жана инновация багыттары боюнча маселелер козголот.

Армениянын премьери Никол Пашинян иш чаранын катышуучуларына биринчи болуп салам берди, андан соң сөздү Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянга берди.

- Бүгүн бизде жалпысынан күн тартибинде 13 маселе бар, анын алгачкы сегизин биз жабык эшик артында талкуу кылабыз, башкача айтканда тар чөйрөдө, - деди Саркисян. - Андан сырткары, уюмдун өнүгүүсү үчүн бир катар маселелерди чечүүңүздөр зарыл. Ошондой эле 13 маселенин алкагында өкмөттөр аралык кеңешке чечим кабыл алуу сунуш кылынат, комиссиянын коллегиясына мүчөлүккө Казакстан республикасынан Серик Жумангарин сунуш кылынат (Казакстандын Улуттук экономикасынын вице-министри).

Жоолугушуу Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексте өтүп жатат.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны бүткөндө бир катар документтерге кол коюлат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх