Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Кыргызстандын «Жашылдарынын» лидерин уранга каршы митингден кармашты

Мурдараак Биринчи май райондук соту Ала-Тоо майданында акция өткөрүүгө тыюу салган эле

«Кыргызстандын жашылдар партиясынын» төрагасы Эркин Бөлөкбаевди Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран кенинин иштешине каршы митингден кармашты. Бул тууралуу ал өзү Vesti.kg сайтына билдирди.

- Мени азыр Биринчи май РИИБ алып баратышат, - дейт ал. - Митингдин башка катышуучулары тууралуу билбейм. Бүгүн Ала-Тоо майданында Ысык-Көлдөн уран казууга каршы митинг болуп жатат. Анын уюштуруучусу «Жашылдар партиясы» болду.

Белгилей кетүүчү нерсе, Биринчи май райондук соту Өкмөт үйүнүн алдында жана Ала-Тоо майданында тынчтык чогулушун, акцияларды жана башкаларды өткөрүүгө тыюу салган.

«Митинг өткөрүү же өткөрбөө - бул жарандардын укугу, - деп каршы болот Бөлөкбаев. Митинг өткөрбөө тууралуу соттун чечими - бул башмыйзамга каршы нерсе».
Ошондуктан Ак Үйдүн жанына ондогон кишилер чогулду, алардын арасында БШК мүчөсү Гульнара Джурабаева да болду.

«Кенде 3 миң 338 тонна торий, 33 миң 800 тонна цирконий, 4 миң 102 тонна титан бар - деп айтат «Жашылдардын» лидери».

- Булар өтө кымбат жана сейрек кездешүүчү металдар, алардын баасы миллиарддаган долларларды чапчыйт. Эмне болуп жаткандыгын түшүнүп жатасыңарбы? Биз бул жерди казып, артына таштандысын калтырып кетүүгө жол бербейбиз.

Жарандык активист Марат Мүсүралиев митингде коомдук телеканалдар нааразычылыкты Ысык-Көлдө да, Бишкекте да көрсөтпөгөндүгүн билдирди.

«Бирок митингдер токтобойт, - дейт ал. - Качан мораторий жарыяламайынча, биз уран казганга каршылыкты токтотпойбуз».

Горький атындагы сейил бакта Ысык-Көл облусунун тургундарынын митинги аяктап калды, алар кечээ Балыкчыда уюштурушкан болчу. Бул жерге жүзгө чукул киши чогулду.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты 2015-жылы «ЮрАзия» ЖЧК уран чыккан жерге чалгындоо иштерин жүргүзгөнгө лицензия алган жана ал жерге 271 миллион сом ушул күнгө чейин чыгымдаган.

Экологдор жана элдер кен иштетүүгө каршы а5ктивдүү киришип жатышат. Алар ал аймактагы боло турган радиациядан чочулап жатышат.

«ЮрАзиядагылар» болсо уранды жаңыча экологиялык таза ыкма менен алабыз деп ынандырышат:

«Уран ал жердеги кенде майдаланган түрдө, - дейт компаниянын директору Светлана Менг. - Анын курамы өтө төмөн. Иштетүү технологиясы гравитациялык бөлүү принцибине негизделген. Суунун жана атайын жабдуунун жардамы менен ураны бар кум бөлүнүп алынат. Эч кандай химиялык заттар жана химия колдонулбайт. Уран шамал болгон учурда ташылбайт, бирок уран абадан оор элемент».

Бирок белгилүү эколог Эмиль Шүкүров андай болушу мүмкүн эмес дейт:

- А таштандылары кайда калат? - деп суроо узатат ал. - Бул уран деген акырына чейин иштеткенге мүмкун болбогон тоо теги. Аны ачык абада бетин ачык койбой турган руда. албетте, компания биз баарын карап, үстүн жаап коёбуз деши мүмкүн. Бирок андай кылуу үчүн адегенде жетиштүү өлчөмдү топтоп алуу керек, ага чейин баары бир ачык калат. Урандын рудасы жамгыр жаап ным болот, шамалга учат. Мен көп эксперттердин ойлорун угуп көрдүм, алар уран абадан оор, шамалга учпай деген ойду айтышат. Бирок ал болбогон кеп. Чаң деле абадан оор, бирок учат шамалга. Бизди жөн гана алдап жатышат.
«ЮрАзия» 25 жыл аралыгында уран кенине 10 миллион доллар коротууга ниеттенген, 200-220 жумушчу орун түзмөк, ага кошумча Кара-Балта тоо кен комбинатында 500 жумушчу орун түзүлмөк. Таш-Булак кени 3,5 миң тонна уранды, 8,54 миң тонна торийди, 10 миң тонна фосфорду, 34 миң тонна цирконийди жана 1,6 миллион тонна титан- магнетикти камтыйт. Радиоактивдүү кумдардын негизги массасы тереңдиги 25 метр болгон жердин бетинде турат.

Каршылык башталгандан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кен чыккан жердеги иштерди экологиялык экспертиза бүткүчө токтото турууну тапшырды. Инвесторлордун өкүлү Андрей Акимов компания бардык ишин жагдай өзгөргүчө токтотту деп билдирди. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «ЮрАзиянын» лицензиясын кайтарып алдык деп билдирүү жасады.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх