Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты Мавлянова өкмөткө жетим балдарга депозиттик эсептерди ачуу өтүнүчү менен кайрылды

Колдорунда бир аз болсо дав, акчасы бар балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүндө нааразычылык сезимдер азаят эле, дейт парламент өкүлү

Депутат Махабат Мавлянова өкмөткө мамлекеттик мекемелерде жашаган жетим балдарга депозиттик эсептерди ачуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда билдирген.

- Бизде балдар үйүндө тарбияланган балдар көп, бирок, алар бул мекемелерди аяктаган соң бараарга жери жок калууда, - дейт депутат. - Мындай абалга туш болгон үчүн алардын көбүндө жашоого нааразычылык сезимдери күч. Эгерде өкмөт социалдык мекемелердин бардык тарбиялануучуларына банктык эсеп ачып, бир аздан болсо да, акча которуп  турса, бир нече жылда белгилүү бир суммадагы каражат чогулуп калмак. Бул жакшы эле жардам болмок.

Мавлянова бул маселе өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болушу керектигин кошумчалады.

Вероника Малышева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх