Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Шыкмаматов: Элден кечирим сурайм. Менде Райымды колдоо ниети жок эле.

«Ата Мекендин» лидери “Райым-миллиондун” катышуусундагы иш-чарага баргандына өкүнүп жатканын билдирди. Ал эми Тазабек Икрамов өз созундо Матраимовдорду колдоого алды

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда бир тууган Матраимовдор уюштурган иш-чарадан тартылып алган сүрөттөр кеңири жайылууда. Бул сүрөттөрдөнн эл арасында «Райым-миллион» каймана аты менен белгилүү болгон Мамлекеттик бажы кызматынын торагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында ЖК депуттарынын жана башка жогорку даражалуу бийлик окүлдөрүнүн жоон тобунун отурганын көрүүгө болот. Матраимовдун жанында отурган эл окүлдөрүн интернет колдонуучулары «коррупционерди» колдоп жатышат деп катуу сынга алышууда.

Vesti.kg сүрөттөрдө чагылдырылган Жогорку Кенештин депуттарына бул боюнча өз пикирлерин угуу учун кайрылды.

Парламент өкүлү Руслан Казакбаев Vesti.kgге: «Мен эки күндөн бери Ош облустунда жургөн элем», - деп билдирди. Кара-Суу районунда «Исмаил Матраимов» фонду тарабынан уюштурган иш-чарага катышкам. «Футбол, волейбол боюнча турнир өтүп, иш-чара Жеңиш күнүнө арналган. Мени кесиптешим Искендер Исмаилович Матраимов чакырган эле. Ал жерде Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушуу да орун алган. Мен жалгыз эле Искендер Матраимовду колдоп жаткан жерим жок. Кесиптештерим уюштурган көптөгөн ири иш-чараларга катышып келем. Искендер Исмаилович менен сый мамиледемин».

Казакбаевдин кесиптеши Тазабек Икрамов өз учурунда, анын аталган иш-чарага катышуусунан эч кандай саясий себеп издөөнүн кажети жок экенин билдирди.

Эл өкүлү Vesti.kgге ал күнү Матраимовдордун үй-бүлөсү менен Торобай Зулпукаров иш-чара өткөргөндүгүн белгилеп кетти. «Мен эки иш-чарага тен катышкам. Сүрөттөр тууралуу айтсам, алардын саясатка эч кандай тиешеси жок. Биз (депутаттар) болгону кесиптешибиз Искендер Матраимов уюштурган иш-чарага катыштык. Кара-Суу районунун жашоочуларынан сырткары, анда Өзбекстандын дагы командалары күч сынашкан. Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, аксакалдар, энелер - айтор, 100
миңге жакын адамдар келди. Биздин ал жерге барганыбызды саясатка байлап, ар кандай нааразычылыктарын жазып жаткандарга таң калып жатам. Бул туура эмес. Искендер Матраимовдун тууган-тушкандары абдан көп, алар бирдикте бүткүл райондун денгээлиндеги мындай мыкты иш-чараны уюштурушту. Биз бардык эле кесиптештерибиз уюштурган иш-чараларды колдоого алабыз. Бул адамгерчилик да».

Ошону менен бирге Икрамов, элдин Райымбек Матраимовго коррупционер деген жалаа жаап жаткандыгын туура эмес деп белгиледи:

- «Албетте, Матраимовдор элдин бардыгына жага албайт. Адам элдин жок дегенде 35 пайызынын колдоосуна ээ болуш керек деп эсептейм, - дейт парламент өкүлү. Бардыгына жагам деп аракет кылуунун өзү акылсыздык. Алар бул майрамды кыргыз спортчуларын колдоо учун уюштурушкан. Ал, биз (депутаттар) кайда барбайлык, эл ар дайым нааразы. «Коррупционерди колдоп жатасынар», - деп жазып жатышат. Эгерде биздин кесиптешибиздин бир тууганынын аракеттери коррупциондук деп табыла турган болсо, ал мыйзам алдында жооп берет. Мындай маалыматты текшерүү - кул куч структураларынын вазийпасы. Тастыкталбаган маалымат менен кишиге жалаа
жабуунун кереги жок».

Жогорку Кенештин башка депутаты Алмамбет Шыкмаматов Vesti.kg менен болгон маегинде, аталган иш-чарага катышуу менен Райымбек Матраимовду колдоо ниети болбогондугун билдирди:

«Жеке мен ал жерге депутат Искендер Матраимовдун чакыруусу менен баргам. Райымбек менен тааныш эмесмин жана ага эч кандай тиешем жок. Коомчулуктун пикирине кошулам, менде эч кандай жаман ой жок эле. Бул иш-чарага барганыма өкүнүп жатам. Депутаттар өлкөнүн бардык аймактарында спорттук иш-чараларды уюштуруп, конок катары өз кесиптештерин дайыма чакырышат. Мындай салт 10 жылдан бери жашап келет. Коомчулуктун пикирин да түшунүп турам. Элден кечирип сурайм. Менде эч кандай Райымды колдоо ниети жок эле».


Медина Купсулдаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх