Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын мурдагы башчысы: Идрис Кадыркулов оюндардан алыс эле, ал саясий тажрыйбанын жоктугунан жабыркады

 Кенешбек Дүйшебаев Улуттук коопсуздук комитетин кандай киши жетектеши керектигин айтып берди

УКМКнын жаңы башчысын дайындоо маселеси бул кызмат орунуна талапкерлерди тыкыр изилдөө керектигинен кечеңдеп жатат. Мындай оюн Vesti.kg сайтына Улутук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшебаев билдирди.

- УКМКнын башчысын дайындоо эмнеге кечигип жатат? - дейт Кеңешбек Асанбекович. - Бул кызматка келчү талапкерлерди өтө тыкыр карап чыгыш керек. Бул орунда саясаттагы киши отурбашы керек. УКМКнын башында ушул системадан чыккан киши турушу зарыл. Атайын кызматтын жетекчисине талаптар ңтө жогору, башкача айтканда, иш билги, эл аралык терроризм, сепаратизм, экстремизм менен күрөшүүнүн профессионалдык катышуучусу болушу шарт. Эгерде бул орунга бул тармакка «тиешеси жок» бирөө келсе, ага улуттук коопсуздук түзүмүндө иштөө абдан кыйын болот. Биздин өлкө геостратегиялык абалда анча олуттуу эмес позицияда турат. Ошондуктан, УКМКнын башында чыныгы профессионал турушу абзел. Президент эң татыктуусун тандайт деген үмүттөмүн.

Муну менен бирге Дүйшебаев УКМКнын мурдагы башчысы Идрис Кадыркулов саясий тажрыйбасы жоктугунан жабыркады деп божомолдой кетти.

- Идрис Кадыркулов - кесипкөй чекист, - деп белгиледи Кеңешбек Асанбекович. - Ал ар кандай оюндардан алыс эле, өз ишин мыкты аткарчу. Менин көз карашымча, анда саясий тажрыйба жок болуп калды. Акыркы жылдарда, өзгөчө Атамбаевдин башкаруу убактысында УКМК саясий каршылаштар менен журналисттерди жазалаган президенттин колундагы таякка айланып кеткен.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 15-майда Идрис Кадыркуловду Улуттук коопсуздук комитетинин төрагалыгынан өз арызына ылайык бошоткон.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх