Динара Сагынбаева үй камагына чыкты
Первомай райондук соту мурдагы саламаттыкты сактоо министринин бөгөт чарасын кечээ караган
Кечээ Первомай райондук соту мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Сагинбаеванын бөгөт чарасын өзгөртүү анын жактоочусунун өтүнмөсү боюнча каралган.
Мурдагы министр 15-майда камакка алынган.
Эскерте кетсек, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш апрелде кайра козголгон. Андан бери СИЗО-1де дарыгер-онколог Эмиль Макимбетов, Лаборант Ирина Цопова, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалууда. Убактылуу кармоочу жайда санкцияны 21-майда кармалган мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов күтүүдө. Аны камакка алуу боюнча тергөөнүн өтүнмөсүн сот бүгүн карайт.
Үй камагына чыккандар: №47-абактын борбордук ооруканасынын башчысы Фархад Атаходжаев, ЖАМКнын медициналык башкармалыгынын мурдагы башчысы Акылбек Асанов жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгери Канат Бектемиров.
Медина Купсулдаева
Фото www