Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Батукаевди бошоткон судья Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды

Ага «Билип туруп акыйкатсыз өкүм чыгарган» жана «Коррупцияга аралашкан» деген айыптар тагылууда

Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов 2013-жылдын 9-апрелинде СИЗО-4 абагынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучусунун Азиз Батукаевди 8 жыл, 3 ай, 7 күн түрүндөгү мөөнөтүн өтөөдөн бошотуу туурасындагы сунуштамасын карап чыккан.

Батукаев Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен КРнын ККнин 247-б.2б., 250-б., 2,4-б., 241-б, 2, 4-б., 242-б,2-б. 1-п. жана 233-б.ю 3-б. боюнча күнөөлүү деп табылып 16 жыл, 8 ай жана 15 күнгө эркинен ажыратылган болчу.

Өз кезегинде судья Батукаевдин ЖАМКнын негизсиз сунуштамасында көрсөтүлгөн «айыкпас ооруга» чалдыкканы боюнча материалдарды тыкыр иликтебей туруп, аны канааттандырып берген. Муну менен Батукаев Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүү мүмкүндүгүнө ээ болгон.


Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясына Кылмыш жаза кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгү («Билип туруп акыйкатсыз өкүм чыгаруу») жана 317-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча айып тагылып, материалдар КЖБРде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх