Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук энергохолдингдин жаңы башчысы тууралуу: Энергетик эмес, мурдагы алкомагнат

«Тобо кылдым.. Мындай жол менен биз жакында мурдагы төрага Азамат Абдыкадыровдун кеткенине өкүнөбүз», - ОЭК боюнча эксперт

Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчылыгына бүгүнтөн тарта «мурдагы» депутат Айтмамат Назаров келди. Vesti.kg ал бул маалыматты бүгүн мандатын тапшырып жатып жарыялаганын кабарлаган.

- Мен Улуттук энергохолдингди жетектөө чечимин кабыл алдым, - деп тактады ал. Компания азыр чоң сынга туш болуп жатканын жана көп эмгек жумшашым керек болоорун билем. Бирок, мен буга даярмын.

Энергетика боюнча айрым эксперттер бул жаңылыкка айран-таң калууда. КРнын УИАнын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Дүйшөн Маматканов Vesti.kg сайтына Назаровду энергетика тармагындагы адис катары биринчи жолу угуп жатканын жашырган жок.

- Мен ал жөнүндө эч нерсе билбейт экем, - деди ал.

Буга чынында эле таң калбаш керек, анткени, Улуттук энергохолдингдин төрагасынын кызматы мурдагы депутат үчүн бул тармакка тиешеси бар биринчи жумушу болмокчу.

- Айтмамат Назаров арак заводун, кант заводун, пиво кайнатуучу заводду жетектеген, - деди таң калганын жашырбаган отун-энергетика комплекси боюнча серепчи Расул Үмбеталиев Vesti.kg сайтына. - Эми болсо мамлекеттин башкы энергетикалык ишканасын жетектейби?! Тобо кылып жакамды кармандым. Биздин өкмөттүн кадр саясаты мынчалык вакханалияга, башаламандыкка жетет деп ойлогон эмесмин...Мындай жол менен жакында биз мурдагы төрага Азамат Абдыкадыровдун кеткенине өкүнөбүз.

Ал Кыргызстандын азаптуу энергетикалык тармагында бардыгы, анын ичинде кадр маселеси да эч качан жайында болбогонун белгиледи: Улуттук энергохолдингди түркүн-түстүү билимге ээ башчылар жетектеген.

Ал тургай, бир жылдары КУЭХнин мурдагы башчысы Айбек Калиевдин орун басарларынын ичинен бирөөсүнүн гана - Нурлан Садыковдун энергетика чөйрөсүндө тажрыйбасы болгон эле. Бакыт Эсенбаева кесиби боюнча тигүүчүлүк өндүрүшү боюнча инженер-технолог, Эрали Козубаев Алматыдагы Coca-Cola компаниясында иштесе, Нурбек Төкөлдөшев билими боюнча мугалим болгон.

- Садыков жакында түрмөгө отурат, ал эми Улуттук энергохолдингде модельер менен алкомагнат калат, - деп какшык аралаш кошумчалады эксперт.
Үмбеталиевдин пикиринде өкмөт же энергетикалык тармактын Кыргызстан үчүн маанисин түшүнбөйт же анын калыбына келишине кызыкдар эмес. Болбосо нөлдүк репутация жана нөлдүк эффективдүүлүккө ээ аткаминерлердин дайындалышын башка эч кандай түшүндүрө албайсың дейт ал.

- Биздин энергетикага кошок кошо берсек болот, - деп эсептейт ОЭК боюнча эксперт. Мен адис катары биздин энергосистеманын ажалын көрүп жатам. Мындай кадр саясаты каатчылык менен кыйроонун тереңдешине гана алып барат.

Мындан сырткары, Расул Үмбеталиев жакында эле дайындалган Өндүрүш, энергетика жана кен казуу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары өңдүү «Кыргызстан» партиясында турат.

- Кейпи энергетика менен кен казууну ушул саясий бирикменин колуна өткөрүп берип жатышкан көрүнөт, - деди ал. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттикти го эчак берип коюшкан.

Айтмамат Назаров 1972-жылы, 5-февралда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кара-Март айылында туулган. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «экономика» адисти боюнча аяктаган.

Эмгек жолун ал ошол эле жылы Жалал-Абад коммерциялык институтунда мугалим катары баштаган. 1997-жылдан 1998-жылга чейин Ош мэриясында башкы бухгалтер болуп эмгектенген.

1998-2006 жылдары Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясында бир нече кызматтарда иштеген жана Базар-Коргон районунун аким башчысынын биринчи орун басары кызмат ордун ээлеген.


2006-жылдан 2007-жылга чейин Ош шаарындагы «Ак каz» ЖЧКнун (арак заводу) директору болуп эмгектенген.

2007-жылдан 2010-жылга чейин Кара-Балта шаарындагы Кара-Балта арак заводун жетектеген.

2011-2012-жылдары «Апроса» (Кара-Балта кант заводу) АКнун башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

2012-жылы Шопоков шаарындагы Bear Beer (пиво кайнатуучу завод) ЖАКнун президенти жана Кара-Балта шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутаты болуп шайланган.

2016-жылдан 2019-жылга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын «Кыргызстан» фракциясынан депутаты болгон.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх