Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын депутаты Айтмамат Назаров мандатын тапшырды

 Мурдагы эл өкүлү эми Улуттук энергохолдингди жетектейт

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Айтмамат Назаров парламенттеги ыйгарым укуктарын тапшырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирген.

- Мен Улуттук энергохолдингди жетектөө чечимин кабыл алдым, - деп тактады ал. Компания азыр чоң сынга туш болуп жатканын жана көп эмгек жумшашым керек болоорун билем. Бирок, мен буга даярмын.

Өз кезегинде парламенттин спикери Дастан Жумабеков Назаровго ийгилик каалап өттү.

- Сизге албан ийгиликтерди каалайбыз, сиз бул кызматта акыйкат иштейсиз деп ишенебиз, - деди төрага.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх