Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Дача СУ конушунда кыйраган «Боинг» боюнча экспертиза кайрадан текшерилет

 Бирок, милицияга азырынча эч ким суракка чакырыла элек

Дача СУ конушунда кыйраган учак боюнча жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыктары кайрадан текшерилет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМнин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулова маалымдады.

Муну менен бирге кылмыш иши да кайрадан козголоору, бирок азырынча суракка эч ким чакырыла электиги белгиленди.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖКнын профилдик комитетинин жыйынында 2017-жылдын январь айында Бишкекке жакын жерде кулаган «Боинг-747» боюнча кылмыш иши кайра козголгонун билдирген.

Эскерте кетсек, жүк ташуучу «Боинг-747» учагы 2017-жылдын 16-январында Дача СУ конушуна кулап түшкөн. Расмий версия боюнча учак Гонконгдон Стамбулга учуп бара жаткан жана Бишкектин «Манас» аба майданына май куюуга конмок.


Авиакырсыктын айынан аба майданынын жанындагы конуштун 35 тургуну жана учактагы төрт түрк учкучу мерт болгон.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх