Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимовду мандатын тапшырууга чакырган депутат Бекешовду кайсы кесиптештери колдоду?

Айрым парламент өкүлдөрү депутаттын кескин талабын колдоп чыкса, кээ бирлери унчукпай отурууну чечишти

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов КСДП фракциясы боюнча кесиптеши Искендер Матраимовдун отставкага кетүүсүн талап кылууда. Ал анын бир тууганы - Раимбек Матраимов жөнүндөгү «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин депутаттык кызматта отурушун туура эмес деп эсептейт.
«Биздин коррупция коррупциялашкан селф-мейдерлерди, жалган аткаминер-стартаперлерди жаратып, саханага Раим-миллион өңдүүлөрдү чыгарды. Икендер Матраимов көз караштардын конфликти жөнүндө сөз чыкпаш үчүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгынан өз каалоосу менен кетиши керек. Каржы полицияда иштеген башка Матраимов дагы өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотушу керек»,- деди Бекешев.

Ал ортодо Бекешевдин фракция боюнча башка кесиптеши депутат Анвар Артыков Vesti.kg сайтына бул сунушту колдоорун билдирди. Анын пикири боюнча, Кыргызстанда «репутация институту» өнүккөн эмес, ошондуктан эч ким отставкага кеткиси келбейт.

-Бизде репутация түшүнүгү жок, - деди Артыков. - Цивилизациялык дүйнөдө, кадыр-барк бузулдубу, адам өзү кызматынан кетет. Азыркы жагдайда депутат кетиши керек.
КСДП фракциясынан дагы бир эл өкүлү Мухтарбек Айнакулов дагы Бекешевдин көз карашын колдойт.

-Депутаттар туугандары менен байланышкан ызуу-чуудан кийин канча депутат отставкага кеткенин кол менен санап койсо болот, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайтына. Негизи, Бекешев туура айтып жатат. Моралдык баалуулук деген болуш керек да акыры.
Өз кезегинде депутат Азамат Арапбаев Vesti.kg сайтына Бекешевдин билдирүүсү боюнча пикир берүүдөн баш тартты.

Тактай кетсек, буга чейин Vesti.kg «Азаттыктын» Матраимовдордун үй-бүлөсүнө байланышкан иликтөөсү коомчулуктун үрөйүн учурганын билдирген. Басылма Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгып кетишине тиешеси бар деп жазган. Ал ортодо Раимбектин улуу агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Vesti.kg сайтына видеосюжетте айтылган акча - товар айландырууда жүргөн акча деп ишендирди.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх