Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге каршы кылмыш иши жыйынтыкталды

Башкы прокуратура айыптоочу корутундусун бекитип, материалдарды сотко жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 29-майда Дүйшөнбек Зилалиевге каршы айыптоочу корутундусун бекитип, кылмыш иши Бишкектин Первомай райондук сотуна кароого жиберилди.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы КРнын ККнин 323-беренесинин 2-б. 1, 2-пункттарында («мыйзамсыз баюу»)"каралган кылмыш белгилери боюнча Зилалиевге кылмыш ишинин тергөөсүн жыйынтыктады.

Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик структурадагы ар кандай кызмат орундарын, анын ичинде Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору, Өнөр жай, энергетика жана кен казуу мамлекеттик комитетинин төрагасы, вице-премьер-министр жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси болуп иштеген убакытта акыркы 5 жыл үчүн мыйзамдуу булактада көрсөткөн расмий кирешелеринен наркы кымбат турган мүлктү сатып алган деп айыпталган.

 

 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх