Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Акаев Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде сөз сүйлөдү

Кыргызстандын мурдагы президенти Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону сунуштады

Улуттар Лигасынын 100 жылдыгына карата РФнын Тышкы иштер министрлигинде Андрей Первозданный фондунун «Назик дүйнө: Улуттар лигасынан БУУга чейин» долбоорунун бир бөлүгү болгон Эксперттик сессия өткөрүлдү.

Сессияда Кыргызстандын алгачкы президенти, МГУнун профессору, Орусиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү Аскар Акаев өз доклады менен чыгып сүйлөгөн. Ал БУУну реформалап, уюмдун өлкө аралык иштөө принцибин цивилизация аралыкка алмаштырууну сунуштады.
«Улуттар Лигасы мамлекеттердин өнөктөштүгүнүн негизинде түзүлгөн, БУУ дагы ушундай эле принципке ээ. Бүгүн биз БУУнун негизги күчү болгон цивилизациялардын өнөктөштүгүнө өтүшүбүз керек. Азыркы күндө дүйнөдө 220дан ашык өлкө бар. Алардын саны мындан да көбөйөт, ошондо биз эч кандай бир көйгөйдү чече албай калабыз. Менин оюмча БУУга тийбей, аны күчтөндүрүш керек. Кийинки тиешелүү кадам катары мен БУУнун алкагында цивилизациялардын өнөктөштүгүн талкуулоону көрүп жатам», – деди Акаев.

Ал негиз катары бардык дүйнөлүк цивилизацияларды камтыган өлкөлөр кирген G20ны алса болоорун кошумчалады.

«Аны 24 мүчөгө чейин кеңейтип, институт кылса болот. G20 азыр БУУга кирбейт. Эмне үчүн бирдиктүү бир экономикалык коопсуздуктун кеңешин түзүп, ага мыйзам чыгаруучу демилгелерди берүү мүмкүндүгүн ачса болбосун, - дейт Аскар Акаев. - Цивилизацияларды камтыган бул өлкөлөр өз жоопкерчилигин көбүрөөк сезе башташмак ».

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх