Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Замандаштын» лидери: Эми «Мегакомдун» башчысына күнөөнү илип, премьердин бажасынын эч кандай тиешеси жок кылып жатышат

 Жениш Молдокматов Жогорку Кеңештин депутаттарын өзүн өзү таркатууга чакырууда

«КТ Мобайлдын» тегерегиндеги чыр менен өкмөттүн канааттандырарлык эмес иши Жогорку Кеңештин мөөнөтсүз таркашына чоң негиз болуп саналат. Мындай оюн Vesti.kg сайтына «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн эл өкүлдөрүнүн өздөрү бешинчи менен алтынчы чакырылыш - кыргыз парламентинин тарыхындагы эң начар курамдардын бири болгонун моюнга алышууда.


- Мамлекетте «КТ Мобайл» баш болгон, «бажагейт»,экономиканын түшүшү, чечилбеген чек ара маселелери төш болгон толгон-токой терс көрүнүштөр болууда. Парламент анан дайындаган өкмөт көйгөйлөрдү чечпей жатса, а эмнеге анда биз - салык төлөөчүлөр ушул кабминди бекитип берген депутаттарды багышыбыз керек деген суроо туулбай койбойт.
Молдокматов парламент өкүлдөрү коррупцияланган схемелар менен тыгыз байланышта экенин кошумчалап, дал ушул себептен аракет кылбаган өкмөткө аклар реакция кылышпаганын айтты.

- Бул парламент эчак мандаттарын тапшырыш керек болчу, - деп баса белгиледи «Замандаштын» лидери. - Бирок, мындай болбосун баарыбыз эле билебиз, анткени ар бир фракциянын мекемелерде «кормушкалары»бар. Бул башаламандыкты токтотуп, Жогорку Кеңешке реформа кылуудан коркпогон жаңы адамдарды алып келиш керек. Жогорку кеңештин азыркы чакырылышы менен өкмөт системадагы өзгөрүүнү эмнеге каалабайт? - Анткени, алар ошол «кормушкаларынан» куру жалак калабыз деп коркушат.

Муну менен бирге Жеңиш Молдокматов азыркы саясатчылар менен аткаминерлер сот астында сөзсүз жоопкерчилик тартышат деген ишеничте.

- Акыр-аягы өлкөнү ушундай абалга алып келген бул адамдарга каршы кылмыш иштери козголот деп мен терең ишенем. - Алар эл алдында кылгандары үчүн жооп беришет.

«Замандаштын» лидери депутаттар тойдон-тойго майрамдап жүргөндө кээ бир кыргызстандыктар наны жок отурушат деди.

- Кыргызстандын 6 миллион элинен бир миллиондон ашыгы чет өлкөгө акча табуу үчүн кетишкен, - деп эскертип өттү ал. Алардын жарымынан көбүн аялдар түзгөнү - бул мамлекет үчүн, демография жана улуттун генофонду үчүн чоң трагедия. Мындан сырткары, 2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин, расмий маалыматтар боюнча 98 ташталган бала өлкөгө алынып келген. Ал эми өлгөндөр, майып болгондор канча? Мамлекеттин аймагында калган 5 миллиондун ичинен 74 пайызы жакырчылыкта жашашат. Алардын 60 миң адамы өтө жакырларга кирет. Башкача айтканда, биздин аткаминерлер бири-биринин тойлорунда майрамдап, ондогон жылкыларды союп атканда булардын жатаарга үйү, жегенге наны жок отурушат.

Бирок, өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруучу органында оң өзгөрүүлөрдү келе жаткан 2020-жылкы шайлоодон кийин деле күтпөсөк болчудай.

- Бүгүн Жогорку Кеңеште отурган адамдар эле кайра парламентке келүүгө колдон келген аракетин кылышат, - дейт ал. Буга эки себеп бар, биринчиси -алар жеп көнүп калышкан. Депутаттык мандат аларга иммунитет, бизнесинин коопсуздугун берет. Экинчиси - соттун алдында жооп берүүдөн коркушат. Жаңы адамдардын күчү менен реформа жасалып, бул саясатчылар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн да. Менимче, 2020-жылдагы шайлоого ордуларын сактап калуу үчүн ченебеген акчалар сарпталат.

Молдокматов ошондой эле, «КТ Мобайл» боюнча комиссияга кирген депутаттар тез эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары жөнүндө пикирлерин алмаштырып жибергендерине нааразы.

- Буга чейин алар анын тууганы кызматка мыйзам бузуу менен келген деп атышты эле, бүгүн болсо «Мегакомдун» башчысы Акылбек Жамангуловго күнөөнү иле башташты, - деди ал. Эми көрсө Жамангулов күнөөлүү экен, а премьердин буга эч тиешеси жок имиш.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх