Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимов бүгүн телевидениеге чыгып, миллиондор боюнча айтып берет

Жогорку Кеңештин депутаты ток - шоуга катышат жана «Азаттыктын» иликтөөлөрүнө жооп катары түшүндүрмө берет

МБ кызматынынтөрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов  «Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллар тууралу журналисттик иликтөөлөрүнө жооп катары, бүгүн түшүндүрмө берет. бул тууралу Vesti.kg сайтына депутат өзү билдирди.

- Бешинчи каналдын эфиринде бүгүн бардык суроолоруңузга жооп ала аласыздар, - деди Матраимов.

Искендер Исмаиловичтин бүгүн саат 18.00дө Бешинчи каналдын «Ой бүгүн» ток-шоусуна катыша тургандыгы белгилүү.

Эскерте кетсек, мурдараак Искендер Матраимов «Азаттыктын» журналистерине жоопту даярдап жатышкандыктарын Vesti.kg сайтына билдирген болчу.

Ошол кезде депутат видеосюжетте көрсөтүлгөн бардык билдирүүлөрдү четке каккан болчу.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх