Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Раимгейт» - бул көлөкөдө олтурган Кыргызстандагы башка миллионерлерден көздү буруп кетүү» аракети

 Матраимовдордун мүлкү тууралу документтерди кимдер «куйгандыгы» жөнүндө эксперттердин пикирлери

«Азаттыктыктын» журналистеринин иликтөөлөрү көлөкөдө олтурган башка миллионерлерден элдин көзүн буруп кетүүгө аябай окшошуп турат. Мындай пикири менен саясат таануучу Бакыт Бакетаев Vesti.kg сайты менен бөлүштү.

- «Азаттык» мурда да Максим Бакиевдин мүлкү боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөн, бирок кийин аны токтотуп коюшкан, ошондон эл суроолорго эч кандай жооп ала албай калышкан, - эскертти ал. -2011-жылдан бери эле «Раим-миллиондун» аты белгилүү, жана эмне үчүн мурда эс ким иликтөөлөрдү жүргүзгөн эмес, билгим келет? Анан Сапар Исаков өкмөт башчы учурунда эмнеге текшерүү жүргүзгөн эмес, жөн эле иштен бошотуп койгон. Суроолор өтө эле көп, бирок, жооптор жок.

Кыргызстан 20 жылдан ашуун убакыт бою паракорчулук менен күрөшүп келет, бирок эч ким системаны бузганды каалабайт, - деп кошумчалады Бакыт Кушбекович.

- Баарына эле түшүнүктүү, баары паракорчулукту өз кызыкчылыктарына ылайык колдонгонду каалашат, - деди ал. - Азыр бардыгы «Раим-миллион» жөнүндө айтышат, а бизде болсо мындай миллионерлер жүздөп саналышат. Бул деген, Салымбековдор менен «Шоро» компаниясын кошпогонубузда. Матраимов көзгө көрүнө койду эле, аны текшеришүүдө, а калгандарына тийише элек. Мына ошондуктан, «Миллиондун» мүлкү боюнча иликтөө - бекинип алган башка миллионерлерден көздү буруп кетүү деп эсептеймин.

Ошол эле учурда башка саясат таануучу Игорь Шестаков Матраимовдордун мүлкү тууралу документтерди журналистерге кимдер «куйгандыгын» аныктоо өтө татаал экендигин белгиледи.

-2010-жылдан бери бийлик астында үч же төрт партия жүргөнүн баары билишет, - деп билдирди ал Vesti.kg сайтына. - Жакындагы «бажагейт», чөйрөгө таасир этүү үчүн бийликтин түрдүү бөлүктөрүнүн килем астындагы күрөшүнүн жыйынтыгы болушу мүмкүн. Аны менен «Райымгейт» - эртеңки күнү боло турган парламент шайлоолорунун алдындагы саясий биримдикти түзүүдөгү күрөштүн уландысы. Атамбаев кеткенден кийин, саясий талаа, сөзсүз түрдө алмашат. А Раимбек - эски системанын адамы.

Журналистердин иликтөөлөрүнүн астында чыныгы фактылар турса, бул паракорчулук менен болгон күрөш коомчулукка чейин түшүп келди дегендик, - деди Игорь Альбертович.

- Жарандар бийликтен качан бул маселени чечет деп күткөндү жактырышпай калган-деп эсептейт ал. -Ал эми шайлоонун алдынан, менимче, саясий топтор Матраимовдордун кланынан жөн эле кутулууну чечишти.

Эске салсак, мурда «Азаттыктын» журналистери Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлктөрү тууралу иликтөөнун жыйынтыктарын жарыялашкан.

Ошону менен эле бирге социалдык түйүндөрдө колдонуучулар иликтөөнү тузгөн документтер менен маалыматтарды ЖМКга кимдер «куюшу мүмкүн экендиктери» тууралу суурооолор менен кайрылышууда. Ошол эле социалдык түйундөрдө эң популярдуу катары эки вариантты сунуш кылышат: экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өчү; же коомчулуктун сынына кабылбаш үчүн Сооронбай Жээнбековдун командасы документтер менен бөлүшүшкөн.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх