Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соттун тыюу салганына карабастан паракорчулук менен чыныгы күрөш үчүн Бишкекте митинг өтүүдө

Каршылык көрсөтүү акциясынын катышуучуларын камап коюу коркунучу бар экендигине да Рита Карасартова даяр

Укук коргоочу Рита Карасартова бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдында паракорчулукка каршы нараазычылык акциясына соттук тыюу салууга карабастан чыкты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ал өзү айтып берди.

- Мен биз менен бирдикте митингге чыга тургандардын бардыгына бизди камап коюшу мүмкүн экендигин эскерттим, -деп белгиледи ал. -Бирок, баары бир биздин акциябызга катышууга даяр экендиктерин айтышкан адамдар болду. Мен кимдир бирөөлөрдүн келишин күтөмүн. Ошондо биздин петициябызга кол чогултуп, президентке беребиз.
Рита Рахмановна азыркы учурда «Ак Үйдүн» тегерегине 20дай адам чогулганын кошумчалады.

- Өтө көп милициянын кызматкерлери жана ортого от таштагандар да бар, -деп ишенет ал. -Албетте, чогулган топтун ичинде ким жарандындык активист, ким ортого от таштайт, түшүнүү өтө кыйын.

Эскерте кетсек, мурдараак Бишкекте «Паракорчулук менен чыныгы күрөш үчүн» митинг өткөрө тургандыгын укук коргоочулар пландашканын Vesti.kg сайты билдирген болчу.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх