Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Манас Арабаевдин кармалгандыгы туурасында: Бардык иштер анын коңгуроосу менен чечилчү

Депутат Манас Арабаевдин кармалгандыгы туурасында: Бардык иштер анын коңгуроосу менен чечилчү

Кыргызстандын соттук системасынын «серый кардиналынын» УКЖга киргизилиши ар бир чиновник үчүн сабак болушу керек

Президенттин аппаратынын мурдагы бөлүм башчысы, Алмазбек Атамбаев башкарган учурда соттук системанын үстүнөн көзөмөлдүк кылган Манас Арабаев эртеби, кеч болобу, баары бир кармалмак. Буга, мурдагы ЖК депутаты, мурда Жогорку Соттун алмаштырылгыс төрагасы болгон Курманбек Осмонов ишенет. Vesti.kg сайты ага комментарий берүү үчүн кайрылды.
-Эгер аны кармашкан болушса, ал өз аракеттери үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек, -деди Осмонов. - Мен аны менен түздөн - түз тааныш эмесмин, бирок ЖМКда бир эмес, бир нече жолу Арабаевдин соттук системанын иштерине кийлигишип жатат деген маалыматтар чыгып турган. анын аракеттерине укуктук баа берүүгө убакыт келип жетти.

ЖК конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук - укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Vesti.kg сайты менен аңгемелешип жатып белгилегендей, Арабаев Фемида кызматчыларынын иштерине кийлигишкен жана бардык «килем астындагы тапшырмаларды» аткарган. Анын пикиринде, «серый кардиналдын» камакка алынышы мамлекеттик кызматкерлер үчүн сабак болушу керек.

-Аны кармоого байланышкан абал ар бир чиновник үчүн сабак болушу шарт, - деди Шыкмаматов. -Ал өзүнө тагылган ыйгарымдардан ашыкча чыгып кетчү. Муну биз соттук системанын талкаланышы деп түшүнсөк болот. Анын бардык жасагандары бардык баалуулуктарга тескери келет. Бардык иштер анын бир коңгуроосу менен чечилет эле.

Эске салсак, 2018-жылдын апрелинде депутат Тынчтык Шайназаров саясатчылардын ичинен жалгыз Манас Арабевдин соттук системанын ишмердүүлүгүнө кийлигишип жатканын билдирген эле. Коомчулук болсо, аны «серый кардинал» деп атап алышкан. Өткөн жылдын 15-майында ал кызматтан алынган.

Кечээ, 2-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери президенттин аппаратынын соттук реформалар жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевди кармашты жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизишти. Ал паракорчулукка шектелүүдө.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх