Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев шайлоонун алдында бюджетте иштегендердин айлык акыларын жогорулатпоону сунуштайт

Саясат талдоочу Марат Казакпаев депутаттын сунушуна макул эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев шайлоонун алдында бюджетте иштегендердин айлык акыларын жогорулатпоону сунуштады. Бул тууралу Vesti.kg сайтына эл өкүлү өзү кабарлады.

-Ар бир шайлоонун алдында айлык акыны жогорулатуу жүрө баштайт, жана сырттан караганда бул иш үчүн белгилүү бир инсандар же партиянын аркасында ушундай болду дегендей элге жеткирилет, - деди Масалиев. -А чындыгында бул бюджеттик акчалар. Эгерде бюджеттин мүмкүнчүлүгү бар болсо, айлык акыны бардык убакта жогорулатып туруу керек. Муну шайлоо менен байланыштыруунун жана өздөрүн айлыкты жогорулатуунун ээлери катары аташтын эч кереги жок.

Анын пикири боюнча айлык акыны жогорулатуу жөнүндө билдирүү башкы административдик ресурс болуп саналат.

Ал аралыкта саясат таанучу Марат Казакпаев Vesti.kg сайтына өзүнүн Масалиев менен макул эмес экендигин айтты. Анын сөзү боюнча, бюджеттик кызматтагыларга бардык убакта айлык акыларын жогорулатуу, ошол эле учурда шайлоонун алдында да жогорулатуу керек.

-Бюджеттегилердин айлык акыларын дайыма жогорулатып туруу зарыл, шайлоо алдында да, андан кийин да, - деп белгиледи эксперт. - Менин оюмча, Масалиев адашып жатат.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх