Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бир ай мурда өткөрүү пландалган митингдин өткөрүлө турган күнү КСДПда дагы дале аныктала элек

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын кадыры үчүн сарсанаа тартып жатат, ошондуктан каршылык акциясын ШКУнун саммити өткөндөн кийин өткөрүүнү ойлонууда деп белгилешет.

КСДП партиясында митингди өткөрүү күнү аныктала элек. Бул тууралу Vesti.kg сайтына «социал-демократтардын» саясий кеңешинин мүчөсү, ЖК депутаты Ирина Карамушкина кабарлады.

- Мурда биз бийликке паракорчулук менен күрөшүү кандай себептер боюнча Атамбаевдин командасын камоо менен гана чектелип жаткандыгын түшүндүрүп бериши үчүн убакыт бергенбиз, - деп эске салды ал. -Биз бир айдан кийин митингге чыгабыз деп, эскерткенбиз. Партияда бул ойдон баш тартылган жок, ошондуктан эч нерсе өзгөргөн жок.

Ошол эле учурда Ирина Юрьевна Алмазбек Атамбаев өлкөнүн кадырына чоң маани бере тургандыгын жана ШКУнун саммити чоң мааниге ээ экендигин түшүнө тургандыгын белгиледи..

- Биз митингди өткөрүүнүн анык күнүн атайын ошол себеп менен азырынча белгилей элекпиз, - деп түшүндүрдү ал. -Баарынан да митинг саммиттен кийин өткөрүлөт. Өзүбүздүн ички териштирүүлөр менен биз чет элдик меймандар кеткенден кийин алектенебиз.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты КСДП партиясы Бишкектеги Форум имаратынын алдында митинг өткөрүүнү болжолдоп жаткандыгын билдирген.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх