Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Аида Саляновадан кабар алышат

Борбордун өкүлдөрү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына чыгып кетишти

Криминалдык авторитет Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндөгү иш боюнча кармалган мурдагы прокурор Аида Салянованы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери көрүп келишет. бул тууралу Vesti.kg сайтына борбордун директору Нурдин Сулайманов кабарлады. 

- Азыр биздин кызматкерлер Бишкек ШИИБна чыгып кетишти, -деп маалыматты тактады ал.

Эске салсак, Аида Салянованын кармалгандыгы жөнүндө түндөсү белгилүү болду. Мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев жана башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова менен көзмө-көз жолуктуруу өткөрүлгөн.

Мурдагы башкы прокурордун суракта 8 сааттан ашык тамактанбастан суралгандыгы жөнүндө кабарланууда.

ИИМнин маалыматы боюнча, Салянова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын УКЖна киргизилген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх