Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин ИИББ убактылуу кармоочу жайында Аида Саляновага тез жардам чакырылды

Ал арада мурдагы башкы прокурор изолятордогу кармоо шарттарына арызданбайт

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Бишкектин ИИББ убактылуу кармоочу жайында мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага жолугушту.

Vesti.kg сайтына Борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Саляновага тез жардам машинасы чакыртылгандыгын айтты.

- Изолятордо кармоонун шарттарына жана укук сактоочулар тарабынан катуу мамиле жасалбагандыгы тууралу анын доосу жок, деди ал. - Жалгыз аба жетишпей, деми кысылып жаткандыгына даттанды. Тез жардам чакыртылды. Докторлор келип, кардиограмма жасашты. Убактылуу кармоочу жайда ал врачтардын көзөмөлүндө болот.  

Мурдагы башкы прокурорду бизден бир аз мурдараак УКЖ фельдшери менен УБДТнун терапевти карап чыгышкан.

Эске салсак, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы жөнүндөгү иш боюнча сурактан кийин камакка алынган..

 

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх