Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: УКМКнин жаңы төрагасын тандоодо анын - «акаевчил» ал же «бакиевчил» экендигине карабаш керек

Парламентарийдин көз карашында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасын ШКУнун саммитинен кийин дайындашат

УКМКнын жаңы төрагасын, ШКУнун саммитинен кийин дайындашат ко. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына ЖКнын депутаты Калдарбек Баймуратов бөлүштү.

- Азыр УКМКнин башчысынын милдетин аткарып жаткан адам бар жана бул деген абал жайында дегенди түшүндүрөт, - деп белгиледи ал. - Ушундай болуп калды, бул убакта президенттин мамлекеттик сапарларынын маалына туш келип калды. Анын үстүнө, ШКУнун саммити сыяктуу маанилүү иш-чарага даярдык да бар.

Ошону менен бирге Калдарбек Шакирович бул кызматка тандоо менен шашылбаш керектигине - атайын кызматтын жаңы жетекчисинин тажрыйбасына жана билимине көңул буруу керектигин кошумчалады.

- Бизде ушундайлар боло берет, адамды кызматка сунуштап жатканда, кимдир-бирөөлөр айтып баштайт: «Ооба, ал акаевчил же бакиевчил», - деди депутат. -Бирок, биз андай нерселерге карабашыбыз керек, себеби, биз баарыбыз өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн иштейбиз. А, СССР мезгилинен бери иштеп келе жаткан адамдар жакшынакай тажрыйба менен эң сонун билимге ээ. Бирок, азыр кам санап кереги жок - УКМКнын төрагасы жок калбайбыз. Өлкөбүздө да, мамлекеттин ичинде да, эл аралык деңгээлде иштегенди билген өтө көп жакшы балдар бар.Бывает у нас такое, что предлагают человека на должность, а кто-то начинает говорить: «Да он акаевский или бакиевский», - посетовал парламентарий.

Өз кезегинде, депутат Максат Сабиров УКМКнин төрагасын дайындоо эмнеге мынчалык чоюлуп кеткендиги тууралу эч ойлобогонун Vesti.kg сайтына айтты.

- Азырынча милдетин аткаруучу бар, бул боюнча кабатыр болуштун эч кереги жок, президенттин аппаратында эртеби же кечпи тандап алышат, -деп жыйынтыктады ал.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайтынан билдирилгендей, УКМКнин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов 15-майда отставкага кеткен.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх