Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туйгунаалы Абдраимов: Кыргызстандыктар Индияга барып жакырчылыкты көрүшсүн, анан өздөрү кандай жашап жатышкандыктарын түшүнүшөт

Чүй областынын башчысы анын тегерегиндеги ызы-чуунун президентке зыян келтирүү үчүн жасаган провокаторлор тарабынан түзүлгөндүгүнө ишенет

Чүй областынын башчысы Туйгунаалы Абдраимов коомчулуктун арасынан ага болгон нараазычылыктар жок экендигине ишенет. Ал эми жарандардын анын кызмат ордунан кетишин талап кылганы - болгону кээ бир адамдар тарабынан каржыланган провокация. Ал ушундай оюу менен «Азаттык» агентствосуна берген маегинде билдирди.

Абдраимовдун сөздөрү боюнча, Өкмөттүн Чүй областык ыйгарымдуу өкүлүнүн имаратынын алдындагы журналистердин митинги провокаторлор тарабынан уюштурулган.

- Журналистердин арасында азгырып жолдон чыгаргандар аралашып жүрдү, - деген ишенимде ал. - Муну ким уюштуруп жатканын мен убагы келгенде айтамын. Баары биздин президентибизди каралоо максатында жасалууда. Ал жерде Мелис Аспеков да катышып жүрдү, бир кезде ал провокация жасап, Канат Исаевди камакка алынышына себеп болгон. Бардыгы менде этикасы жок деп жатышат, кечээ келип алышып, кабинеттеги эшигимди каккылап, Орок айылындагы абал боюнча жыйын өткөрүп жатсам кыйкырышып, ошол эле учурда ЖМКнын өкүлдөрү да өздөрүн туура эмес алып жүрүштү.

Эске салсак,Туйгунаалы Абдраимовду сындоого себеп болуп, анын журналистердин арасындагы бир журналист кызга анын жүзү жакпай тургандыгын айткан сөзү болгон.

- Журналистердин өз кесиптеши - журналист кызды коргогондой мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы коргошсо, - деди өкмөттүн Чүй областындагы ыйгарымдуу өкүлү. - Ошондой эле мындай басымдын астында кабарчы кыздан кечирим сурабаймын. Бирок,кандай, ал кыздан жекече жолукканда кечирим сураймын.

Журналист менен болгон чыр абалдан кийин, өзү отставкага кетпей тургандыгын Абдраимов кошумчалады.

Андан тышкары, аймактын башчысы кыргызстандыктарды Индияга саякаттап барууну сунуштады.

- Кийнки убактарда өлкөдөгү саясий абал күчөп барат, элдер нараазы, - деди ал. - Мен кечээ премьер - министрде болгон жыйында кыргызстандыктарды Индияга саякатка жөнөтүүнү сунуштадым. Тадж - Махалды көрүшсүн, ошондой элдердин кандай жакырчылыкта жашап жаткандарын да көрүшсүн. Ошондо биздин элдер кандай жакшы жашап жаткандыктарын жана кандай бактылуу адамдар экендиктерин түшүнүшөт.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх