Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зарылбек Рысалиев жандандыргыч бөлүмүндө туруктуу оор абалда калууда

Медиктер депутаттын абалы тууралу кеңири айтып беришти. Консилиум өткөрүү пландалып жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын жандандыргыч бөлүмүндө жатат. Анын ден-соолук абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул жөнүндө  Vesti.kg сайтына дарылоо бөлүмү боюнча башкы врачтын орун басары Александра Олесюк кабарлады.

- Анын ооруканада канча убакыт кала тургандыгы азырынча белгисиз, - деди ал. - Биз жакын арада консилиум өткөргөнү жатабыз. Зарылбек Рысалиевде 2015-2018-жылдары башынан өткөргөн ишемиялык инсульт менен катар кант диабети жана жүрөктүн коронардык оорусунун айынан пайда болгон оор түрдөгү гипертониялык энцефаталогия, гипертониялык криз табылган.

Ошол эле учурда Олесюк, депутатка келгендерди азырынча ага киргизбей жаткандыктарын кошумчалады. Бирок, жандандыргычтын кире беришинде кайтаруу жок.

Эске салсак, ИИМдин жана ЖАМКтын мурдагы башчысы, парламенттин депутаты Зарылбек Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы тууралу иш боюнча ИИМдеги сурактан кийин ооруканага жаткырылган.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх